Ошто 5 жылдан бери бир канча кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран 1984-жылы туулган Тимур Насыров болгон. Ал 2009-жылы унаа базарлардын биринен баасы 4500 доллардык унааны алып, акчасын төлөбөй качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө Ош шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган. Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында изделип жаткан жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Алсак, кылмышка шектүү 2009-жылдын ноябрь айында Ош шаарынын тургунун тапанча такап коркутуп, жанындагы 36 миң долларын алып кеткен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.