Бишкекте агасынын унаасын айдап чыгып 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу табыла элек

Бишкекте 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочунун унаасы табылып, учурда өзү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

"Учурда бала менен бала багуучуну сүзүп кеткен Мерседес-230 үлгүсүндөгү унаа айдоочунун агасына таандык болуп чыккан. Милиция кызматкерлери унааны издеп барганда унаа короодо токтоп турган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылып, сүзүп кеткен 25 жаштагы Эрнис аттуу жаранды издөө иштери уланууда",- дейт Т.Оторов.  

Эске салсак, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда бала багуучу менен 1 жаш 8 айлык баласын катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Анын кесепетинен ымыркай асфальтка башы менен тийген. Ал эми бала багуучунун буту сынып, ооруканага жеткирилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
EdikoKG
2014-11-14 12:17:48
Качып кайда бармак эле. Кармалат. Билбейм,акча менен ишти жаап койбосо.
0
akzuura
2014-11-14 12:39:17
Та была элек болсо агасынын унаасында жургонун Ким билди?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан