Кадамжайда 2,5 миллион сомдук контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 13-ноябрь күнү “Кадамжай-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында унаанын ичинде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан 176 даана Тянь-Шань карагайы болгону аныкталган. Аны Өзбекстандын жараны алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, жүк токой чарбасына өткөрүлүп берилди.