Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн улам 3-4 айыл светсиз калды, мектептер убактылуу жабылды. Муну бүгүн, 14-ноябрда Тоң районунун акими
Бакыт Рыспаев SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бир топ айылдагы социалдык мекемелер менен үйлөрдүн дубалдарынан жарака кетти.
"Учурда атайын комиссия түзүлүп, абалды иликтөөнү баштады. 3-4 айылда свет өчтү, РЭСтин кызматкерлери иштеп жатышат. Жер титирөө дагы кайталанышы мүмкүн болгондуктан, жер титирөөнүн очогуна жакын айылдарда мектептерди убактылуу жаптык. Окуучулар таратылды. Комиссиянын жыйынтыгы жакын арада чыгып, келтирилген чыгымдар айтылат",- деди Рыспаев.
Айта кетсек, бүгүн таңга маал Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айыл аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен айылдар: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга.