12-16-ноябрь күндөрү Германиядагы жарандарды Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштыруу максатында кыргыз кол өнөрчүлөр делегациясы “Базар-Берлин” көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандан барган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери 3 көргөзмө залында орун алды. Кыргыз сувенирлери, оюнчуктары, улуттук кийимдер, булгаарыдан жасалган буюмдар иш-чаранын конокторун кызыктырууда. Айрыкча шырдактар, ичи жасалгаланып тигилген боз үй, колго тигилген, этникалык стилдеги, улуттук оймо-чийме менен кооздолгон көйнөктөр көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, сатылууда.
Ошондой эле кыргыздын уникалдуу кол өнөрчүлүгүн эске алып мастер-класстар, улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү, керамика жана кездемелердин көргөзмөсү өтүүдө.