Ош шаарында жогорку класстын окуучулары ыктыярдуу сынак тапшырышат

22-ноябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин жогорку класстарынын окуучулары ыктыярдуу тестирлөөгө катышат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн 1-баскычы шаардагы №7-Нариманов жана №23-Панфилов атындагы орто мектептерде жүрөт. Мындай сынак буга чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларын өз каалоосу менен сынактан өткөрүү буйругунун негизинде, жыл сайын 3 баскыч менен өтүп келген. Ыктыярдуу тестирлөөнү өткөрүү окуучулардын өз алдынча кеңири ой жүгүртүп, тест менен иштөөдө тажрыйба алуусун көздөйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан