Чыңгысбек Узакбаев: "10-февралдан баштап Кыргызстан Казакстанга сүттү кайрадан экспорттой башташы мүмкүн"

2013-жылдын 10-февралынан баштап Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт кайрадан Казакстанга экспорттоло башташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда  Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. “Учурда Казакстандын Айыл чарба министри менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер жыйынтык жакшы чыга турган болсо, анда 10-февралдан баштап сүт продукциясын өткөрүүгө чек ара ачылат. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык сүт иштетүүчү ишканалардын ар биринде бирден мал доктур малдарды текшере баштайт” деди министр. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 3-октябрында Казакстан, ветеринариялык талаптардын аткарылбай жатканын айтып Кыргызстандан сүт алууну токтоткон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан