Түрк жарандарын тоноону уюштурган 18 жана 19 жаштагы кыздар жана тоноого катыштыгы бар 3 жаран 2 айга камакка алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG сайтына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Белгилүү болгондой, камакка 18 жаштагы Мээрим Калыбек кызы, 19 жаштагы Өзбекстандын тургуну Жайна Убиниязова, 24 жаштагы Чыңгыз Оморов, УКМКнын “Альфа” атайын даярдалган бөлүмүнүн 29 жаштагы кызматкери Куралбек Жумалиев жана 29 жаштагы Азамат Кагазалиев №1-СИЗОго 2 айга камакка алынды.
Аларга карата 168-берене (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салсак, 8-ноябрь күнү белгисиз адамдар Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип, түрк улутундагы жарандарды ур-токмокко алуу менен алардын 2 миң доллардан ашык акча каражатын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.