Бишкекте "47 миң сом уурдаган" деген шек менен 28 жаштагы айым кармалды

Бишкекте тоноого шектелип Талас облусунун 28 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен шаардын 32 жаштагы А.Аида аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 9-ноябрь күнү саат 18:00 чамасында анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, 47 миң сомун жана алтын буюмдарын уурдап кетишкенин айткан.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары 28 жаштагы А.Тахмина аттуу жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүүдө.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан