Бүгүн, 14-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрында төкмө акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган акындар айтышы болууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, айтышка жалпысынан 30 акын катышууда. Анын 12си Бишкек шаарынан келсе, кытайлык кыргыздардан 1 акын келди. Акындардын калган бөлүгүн жергиликтүү акындар түзөт. Баш байгеге 200 миң сом каралса, 1-орунга 150 миң, 2-орун үчүн 100 миң, 3-орун ээсине 50 миң сом ыйгарылат. Ошондой эле 8 катышуучуга 10 миң сомдон жана калгандарына катышкандыгы үчүн 2000 сомдон берилет.