"Талас облусунда "Жер-Үй" алтын кени ачыла электе эле анын айланасындагы жерлер талашка түшүүдө". Мындай маалыматты депутат Элмира Жумалиева ЖКнын 31-январдагы жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Талас облусундагы жер талашып жаткан бул эки айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. “”Жер-Үй” алтын кени ачыла электе эле, 20 жылдан бери колдонулбай, жайытка деп берилген жерлер азыр талашка түшүүдө. Эки элдин ортосунда кагылышуу болуп кетпеши үчүн туура маалымат жеткирүү зарыл”,- деди депутат. Айта кетсек, өкмөт "Жер-Үй" кенин сатыкка коюп сынак жарыялаган, уткан компания бул кенди иштетип баштамакчы.