* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы БУУнун өлүм жазасын жоюу боюнча дүйнөлүк резолюциясына Кыргызстан да кошулган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы IV чакырылыштагы “Ак жол” партиясынан ЖКнын депутаты
Санжар Кадыралиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктап, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2002-2006-жылдары КРнын Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2009-жылы 14-апрелде Бишкекте өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы советтик жана орусиялык ырчы, Орусиянын Эл артисти, Украинанын Эл артисти
Александр Малинин Орусиянын Свердловск шаарында туулган. Александр Малининге атактуулук 30 жаштан кийин келген. Ал 1988-жылы "Юрмала-88" сынагында "Коррида", "Любовь и разлука", "Осторожно, двери закрываются" ырларын ырдап, баш байгени жеңип алып, эл оозуна алынган.