"Тамашоу" Лигасынын жарым чейрек финалында "Даңазалуу кылым" сериалы, саясат көп тамашаларда камтылды

Бүгүн, 14-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун жарым чейрек финалы орун алды. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып, командаларга ийгилик каалады. 
Бул күнү “Brooklyn”, "Позитифф”, “Ассорти”, “Элестет”, “Олимпик”, “ОШолор”, “НКБ”, “National”, “Арабаев”, "Жалал-Абад", "Кыялкечтер", "Айым style", “IUK” күч сынашса, кыска форматта “Weekend”, "Cosmos", "3 тамга", "МК шоу”, "Ак бата" командалары өз өнөрлөрүн тартуулашты. 
Алардын өнөрүн эстрада ырчысы Максат Бегалиев, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошов жана футболчу Азамат Байматов, стилист Замира Молдошева, "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу электен өткөрүштү.
"Биатлон" сынагында командалар куйкум тамашаларды тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
"Ассорти" командасы: - Сырткы сулуулук маанилүү эмес, ички дүйнөнүн сулуулугу маанилүү деген Айнура косметиканы жеп салды.
"Элестет" командасы: - Диетадагы МАИчи кечки саат 6дан кийин машиналарды токтотпойт.
"ОШолор" командасы: - Бойдок жигиттин түшүнө жылан, арстандар кирет. Ал эми үйлөнгөн жигиттин түшүнө жылан кирбейт, жанында жатат.
"Позитифф" командасы: 
- "Шоронун" максымын саткан эжелер суук түшкөндө жылуу жакка учуп кетишет экен.
- Алмазбек Атамбаев Орусиядан келгенде депутаттар "Ата, ресурс ала келдиңизби?" деп сурашат. 
"Фристайл" сынагында ар бир команда өзгөчөлөнө алды. Жарым чейрек финалдык оюн да саясий окуялар аралашкан тамашаларга бай болду. Бажы биримдигине кирер алдында турган Кыргызстандын абалын, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жана саясий партиялардын биригишин бүгүн көрүүчүлөр ары күлкүлүү форматта көрө алышты.
"Позитифф" командасынын оюнчусу депутаттыкка шайлануу үчүн үгүт иштери менен жүргөн талапкердин иш-аракетин көрсөттү. Интервью берип жатып "Шайласаңар жолдорду оңдойм, нан урсун!" десе, нан келип бетке чаап кетет. "Чын эле элдин жашоосун жакшыртам, өлүп кетейин" десе артынан жан алгыч келет.
Ал эми "Элестеттин" жалгыз кызы (Кыргызстан) орус улутундагы жигитке  (Орусия) турмушка чыгат. Тойдо, албетте, "Кара жорго" бийи бийленди. Аларды ортомчу (Казакстан) жигит тааныштырып, өлкөнүн Бажы биримдигине кирип жатканы көрсөтүлдү. 
Ошол эле команда "Фристайл" сынагында "Журтеспублика" партиясын түзүштү. Саясий партияларды турмуш жолуна узатып жатып жеңеси "Ата Журт", сен аттарды мингенге даярсыңбы? "Республика", сен дарбазадан секирүүгө даярсыңбы?" десе, күбө аксакал "Анда урушпай, митинг чыгарбай бактылуу болгула" деп батасын берди.
"НКБ" курама командасы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Даңазалуу кылым" сериалынан көрүнүштү тартуулашты. Сулейман Ибрагим пашаны чакырганда орус улутундагы Паша Чернышовдун кирип келгени, Сүмбүл, Хүрремдин образдарын жараткан оюнчулар жагымдуу маанай тартуулай алышты.
"Олимпик" командасынын "Братаналогия сабагы", "Айым style" командасынын кыздардын сырын ачканы, "Арабаев" командасынын "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүштү көрсөткөнү жана "ОШолордун" музыкалык тамашалары көпчүлүктүн эсинде калды.
Жыйынтыгында 3-орунду "Олимпик" командасы, 2-орунду "Элестет" жана "Ассорти" командалары, 1-орунду "ОШолор" командасы ээледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
feruza86
2014-11-14 22:42:29
Молодецтер Ош Алга
+1
X-peria
2014-11-14 22:52:24
Видеосу жокпу?
+2
kama_future_millioner
2014-11-14 23:53:55
Балдар балдар Ош
+2
Ruslan_d
2014-11-15 00:58:41
Алга ОШолор азаматтсынарда силер оштуктар!
+4
Bakytjanbekk
2014-11-15 01:52:16
Видеосун качан коро алабыз?
+2
zarlyk2211
2014-11-15 05:53:50
Азаматтар!!!
+2
jasi
2014-11-15 08:42:06
Азаматтар! Мурат менен Кадырдын чыныгы шакирттери экенинерди далилдепсинер. Алга ОШолор!
+4
Arsenjan
2014-11-15 16:19:45
Ош эле эмес баары жакшы болду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан