Бишкек шаарында бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперкызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок-Молдо - Шорин көчөлөрүнө жакын жерден атышкан. Окуя саат 17:20 чамасында болгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө жүрүп жатат.