Бишкекте 14-ноябрда оперкызматкерди атып өлтүргөн кылмышкер кармалды. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн
Александр Сояпин саат 20:00 чамасында кармалганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аны коңшусунун үйүнүн жер төлөсүндө жашынып жаткан жеринен табышты. Коңшусу, 64 жаштагы пенсионер кылмышкер бирөөлөр жарадар кылып кеткенин, жашырынып туруу үчүн жардам сурап келгенин айтып берген. Айта кетсек, кылмышкер оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок Молдо - Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен саат 17:20 чамасында атып, окуя болгон жерден
качып кеткен эле.