Исфана шаарынын мэри болуп Ташболот Козубаев шайланды. Бул маалыматты Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Айта кетсек, Козубаевди шаардык кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” жана КСДП партияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция сунуштаган. Ага 31 депутаттын ичинен 20 депутат добуш берди.