Бүгүн, 31-январда Бишкекте Ак үйдүн алдында нарындык аял өзүн-өзү өрттөп, ооруканага жеткирилди. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, аялдын мындай жоругуна баласынын мыйзамсыз камалып кетиши себеп болгон. Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы Света Байтикова мындай дейт: “Окуя болору менен "Тез жардам" кызматкерлери келип, өрттөн жабыр тарткан аялга биринчи жардам көрсөтүштү. Аталган аял учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 2-3-баскычтагы күйүк менен жаткырылды”. Аталган аял баласын Нарын облустук соту мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратканын айтууда.