Кыргызстандын бажы кызматкерлери өлкөгө киргизилмекчи болгон 600 миң сомдук мыйзамсыз товарды колго түшүрүштү. Борбордук бажы кызматынан 14-ноябрда билдиргендей, кармалган товарлар: Орусиядан өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармек жана кымбат баалуу чыпкалуу чылым, медициналык багыттагы китепче жана жабдуу. Мыйзамсыз товар Екатеринбург шаарынан Бишкекке келген поездден кармалган. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.