"Тамашоунун" жарым чейрек финалында көгүчкөндөрдүн диалогун көрсөткөн "Кыргыз двор" командасы 1-орунду ээледи

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 15-ноябрда “Тамашоу” Лигасынын жарым чейрек финалынын экинчи күнү орун алды. Оюнду адаттагыдай эле долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып берип, залды толук ээлеген көрүүчүлөргө күлкү тартуулоочу командаларды сахнага чакырып алды.

Бул күнү “Кыргыз двор”, “Юр.академия”, “Универсал”, “Евраш”, “Тамашарики”, “Рота”, “Багыт”, “БГУ”, “Лейлек”, “Долон”, "Ацтек", "Бишкек", "Мисс шоу", "3 кошкон" курама командалары "Биатлон" жана "Фристайл" сынагында күч сынашты. Ал эми “Көңүлдүү жигиттер”, "Кыргыз style", “Марал” командалары кыска форматта өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. 

3 саат бою күлкүгө сугарган өнөрпоздордун тапкычтыгын, тапандыгын, актёрлук чеберчилигин “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, ырчылар Максат Бегалиев, Омар, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошов, "тамашоучу" Жаныш Майрамбеков, спортчу Улан Эралиев баалашты. 

"Биатлон" сынагынан үзүндүлөр. 

"Евраш" командасы: - Кыздар эки түрдүү боёнушат. Биринчиси косметика менен, экинчиси ретрика менен.

"Багыт" командасы: - Арак куюлган стаканды колунда кармап турган бала апасы менен атасы кирип калса коркконунан алып жиберди.

"3 кошкон" командасы

- Орусиядагы "Один в один" программасын "биттама битта" дешет экен.

- Апама таң калам. Ал "оозунду жаап тамак ич" деп айтат...

"Тамашарики" командасы: - Биздин классыбыздагы көзү кыйшык кыз эки баланы жакшы көрөт.

"Рота" командасы

- 5-6дан чогулган көлдүк уйлар Түпкө барып чөп жеп келишет экен.

- Офицер мактаган кыз тойго противогаз алып барат.

- МАИчилер экиге бөлүнүшөт: пара алгандар жана пара алгандардан пара алгандар.

"Кыргыз двор": - Салымбековдун аялы үйдө уруш чыкканда "Ош базарына" кетем деп коркутат экен.

Чындыгына жараша айтылып, жигиттердин актёрлук чеберчилиги менен сүрөттөлгөн тамашаларга көрүүчүлөр залды жара каткырып, шатыра-шатман кол чаап, кыйкырып сүрөп отурушту. 

Көп жылдан бери сахнада жаш балдардын укугун коргоп келген "Тамашарики" курама командасы бул жолу да мыкты тамашаларды тартуулап, сүймөнчүк курама экенин далилдешти. 

"Кыргыз двор" командасы жаш жубайлар учурган көгүчкөндөрдүн диалогун көрсөттү. "Кел, жакыныраак учуп коёлу, бактылуу болот экенбиз деп ойлоп калышсын" деген көгүчкөндөр талашып-тартышып Ошко тойго учуп кетишти. 

Ал эми борбор калаага мэр болуп шайланган Кыргызбай Патриотовичтин ашкере боорукерлигин жана акыркы акчасын кызматкерлерге бергенин "Бишкек" командасы сахналаштырды. 

Аскер үй-бүлөсүнө келин ала качып келишкендеги учурду "Рота" командасы сунуштады. Кызыл-Аскердеги банда менен аскердик хордун жаңжалы, "духтар" менен "деддердин" жашоосу көпчүлүккө жылмаюу тартуулады. 

Жыйынтыгында 3-орунду "Универсал" командасы, 2-орунду "Рота" жана "Тамашарики" командалары, 1-орунду "Кыргыз двор" командасы ээледи. "Тамашоу" Лигасынын жарым чейрек финалында оюн көрсөткөн бардык командалар чейрек финалга катышат. Эки оюндан көп упай алган командалар жарым финалга жолдомо алышат. 

Күнүмдүк түйшүктөн арылтып, күлкү дүйнөсүнө алып учкан мындагы "тамашоучулар" келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар экенин калыстар тобу бир ооздон белгилеп өтүштү. Ар бир команда өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык абалды, аскерлердин жашоосу, үй-бүлө, жаштардын көйгөйүн тамашага салышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yzyldabagyla
2014-11-16 02:16:17
Кантип корсо болот
-3
Patrik
2014-11-16 11:22:23
Кыргыз Двор азаматсынар. Анан 7- сезон деген логотип анча чыкпай калган го...
0
brend007
2014-11-16 23:40:40
Patrik, No name командасындай команда чыкпайт го жакынкы арада. No name эн мыкты супер команда болчу. чемпиондорду оюнга кошсо жакшы болот эле.
0
Nuri-Alina
2014-11-17 02:31:06
Саламатсыздарбы админ менин коментарийим кетпей жатат булжакта эмес водиону коруп ойуму жазсам кетпей жатат кара болуп тура жонот дегени коруп бериниздерчи
0
admin_superstan
2014-11-17 10:16:19
topi, сайттын колдонуучуларын чаташтыруудан алыс болуңуз!
yzyldabagyla, сайттын башка колдонуучусун мазактоого жол жок. 3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан