Бүгүн, 31-январда Бишкектеги 12-кичи райондо маршруттук кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын текшерүү иштери жүрдү. Текшерүү учурунда талапка жооп бербеген кичи автобус айдаган 2 айдоочунун документтери алынды. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Каныбек Каримовдун айтымында, ар бир коомдук унаада дары-дармек салуучу кутуча, өрт өчүрүүчү жабдыктар жана жүргүнчүлөргө ылайыкталган отургучтар толук болушу керек.