Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында 15-ноябрь күнү айыл чарба продукцияларынын жана мөмө-жемиштердин жарманкеси болуп өттү.
Иш-чара кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду. Анда Ош облусунун аймагындагы дыйкан чарбаларындагы түшүмдөр көргөзмөгө коюлду.