Жер титирөөдөн жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада жабыр тарткан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 16-ноябрында жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада жабыр тартканы аныкталган.
Айта кетсек, 14-ноябрь күнү эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.