Талас. "Реформа" көпчүлүк коалициясынын шаардык кеңешти таркатуу чечими күчүндө
Талас шаардык кеңешиндеги "Реформа" көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Айбек Сүйүнтбеков депутаттардын мандаттарын тапшыруу аракеттери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди. “Көпчүлүк коалициядагы 16 депутаттын атынан арыз даярдап койгонбуз. Бирок ар бир депутаттын арызын алууну да көздөп жатабыз. Бардык депутаттардан арыздар чогулуп бүткөндө аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөбүз. Шартка байланыштуу депутаттар ар жерде жумуштары менен жүргөндүктөн, расмий түрдө аймактык шайлоо комиссиясына арыз жөнөтө элекпиз” деди. Эскерте кетсек, аталган шаардык кеңештин "Реформа" көпчүлүк коалициясынын депутаттары мандаттарын тапшырышканын жарыялап, бул боюнча аймактык шайлоо комиссиясына арыз жолдой тургандыктарын айтышкан. Депутаттардын мындай кадамына 28-январда өткөн мэр шайлоо себеп болгон. Шайлоодо көпчүлүк коалициянын 2 депутаты азчылык коалициянын өкүлүнө добуш бергендиги белгилүү болгон.