Акыркы сутка ичинде республика аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте соода күркөсү толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 17-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Элебесов-Озёрная көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 24 чарчы метр соода күркөсү толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Сузак районуна караштуу Сузак айылындагы үйлөрдүн бириндеги короодон 20 түк чөп күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 4 жаштагы небересинин от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан