Жалал-Абад. Шаарда "Ата Журт" партиясынын 3 депутатын бошотуу талабы менен 2 миңдей адам катышкан митинг өтүүдө (Фоторепортаж)

Бүгүн, 31-январда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду камактан чыгаруу талабы менен митинг өтүүдө. Митингге 2 миңдей жаран катышууда. Чогулгандар өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында ар кандай чакырыктар менен турушат. Митингге Ош облусунун Кара-Кулжа районунан 8 автоунаа менен келген аксакалдар тобу да бар экени белгилүү болду. Мындан сырткары Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Барпы айылында 40тай атчан жаран жүрүш жасашты. Митингчилер “эгер талаптарыбыз аткарылбаса, бийлик бизден күтпөгөн кескин, күтүлбөгөн кадамдарга барабыз” дешүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан