Бишкекте “зордуктоого аракет кылган” деген шек менен Лебединовка айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 20 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 13-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында чала тааныш А.Улан аттуу жаран аны алдоо жолу менен Аламүдүн-1 кичи районундагы үйлөрдүн бирине алып барып зордуктоого аракет кылганын айткан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Лебединовка айылынын 40 жаштагы А.Улан аттуу тургуну кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.