Бишкекте оперкызматкерин аткан жаранды өз үйүндө жашырган айым камакка алынды

Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн Бакай Сыдыгалиев аттуу оперкызматкерин атууга шектелген 42 жаштагы Александр Сояпинди өз жер төлөсүнө жашырган Бишкек шаарынын тургуну камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.  

Маалым болгондой, 64 жаштагы Бишкектин тургуну Наталья Мезина кылмышка шектүү А.Сояпинди өз үйүнүн жер төлөсүнө жашырып койгон. Милиция кызматкерлерине калп айтып, эч кандай маалымат билбей турганын билдирген. Буга байланыштуу ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (өзгөчө оор кылмышты жашырууга аракет кылган) боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Белгилүү болгондой, буга чейин мыйзамсыз курал алып жүргөнү жана аны сактаганы үчүн 4 жылга соттолгон Александр Сояпин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн. 

Ал эми 14-ноябрь күнү аны кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиев аттуу оперкызматкерин баш жана көкүрөгүнө атып, ал окуя болгон жерден каза тапкан. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zman53
2014-11-17 14:27:44
Турмонун жетекчилигин кошо жазалаш керек,себеби шалакы болбой жакшы иштесе бул адам турмодон качпайт эле да.
+7
emin
2014-11-17 19:16:40
Иш козголду дешет,жыйынтыгы болсочу козголгон иштин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан