Орусияда Кыргызстандын жасалма паспорттору менен чек арадан өтүүгө аракет кылган Кытайдын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары Алтай районунун прокуратурасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ушул жылдын май айында кытай улутундагы 4 адам “Михайловка” чек ара өткөрүү пункту аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Алардын документтерин текшерүү учурунда жанынан Кыргызстандын жасалма паспорттору табылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кытайлык жарандар Кыргызстандын паспортторун 2013-жылы Кемеровск облусунан сатып алышканы аныкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко өткөрүлдү.