Ысык-Көл. Караколдо баскетбол боюнча 6-республикалык мелдеш аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды

Каракол шаарында партиялык ишмер Сапарбек Жаныбековдун элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы баскетбол боюнча 6-республикалык мелдеш аяктады. Белгилей кетсек, 13 команда жаш өзгөчөлүктөрү боюнча эки топко бөлүнүп ат салышты. Кенже топто Бишкек шаарынын командасы 1-орунду алса, 2-орунду Чүй облусунун Ак-Суу айылынын командасы, 3-орунду Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан келген команда алды. Ал эми жогорку топто 1-орунду Ысык-Көл облусунун командасы, 2-орунду Ак-Суу районунун, 3-орунду Балыкчы шаарынын командалары алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан