Бишкек ШИИББинин түнкү милиция кызматкерлери тарабынан адам уурдоо фактысына шектелген 3 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 18 жаштагы М.Рысбек аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз бирөөлөр Жибек Жолу-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен аны Тойота үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген.
Ыкчам чаралардын негизинде шектүү катары 25-30 жаштар чамасындагы К.Канат, Т.Раатбек жана Б.Алмаз аттуу жарандар кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.