Бишкекте "Ысык-Ата районунун тургунун сабап, бычактаган" деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бейтааныш адамды себепсиз сабап, аны бычак менен сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Ысык-Ата районунун 19 жаштагы Э.Эрлан аттуу тургуну кайрылган. Анда ал борбордогу Тынчтык жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам аны себепсиз сабап, бычак менен жаракат келтиргенин айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы Ж.Жанышбек аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан