Быйыл өлкөдөгү район менен айыл өкмөттөрүн интернет менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Баяман билдиргендей, 2013-жылы маалыматтык-коммуникация технологияларын өнүктүрүү үчүн аталган министрликке бюджеттен 18 миллион сом бөлүндү. “Өткөн жылы бизге бул тармакты өнүктүрүү үчүн 5 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 18 миллион сом бөлүнүп, биз ал каражатка бир катар долбоорлорду ишке ашыра алабыз”,- деди Н.Баяман.

Анын айтымында, мындай долбоорлордун катарында райондорду, айыл өкмөттөрүн интернет менен камсыздап, документтерди электрондук түрдө алмашууну ишке ашыруу маселелери кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан