Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 15-ноябрь күнү Кызыл-Кыяда болгон. Анда Дэу Тико жана Хундай Старекс үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза тапкан. Ошондой эле биринчи унаанын 11, 12, 13 жана 17 жаштагы жүргүнчүлөрү жана экинчи унаанын айдоочусу жабыркашып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arman
2014-11-17 15:54:40
Опкосун колуна алып айдасын дагы.
-1
Odik11
2014-11-18 01:57:58
Тиконун мотор коробкасы салонго кирип кетиптир, Старекс встречкага поворотто чыккан окшойт. Эх кудайым сактасын....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан