Орусияда 2,5 килограммдан ашык баңгизат менен кыргызстандык жана өзбекстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Баңгизатты жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын аталган аймак боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 24 жаштагы жана Кыргызстандын 21 жаштагы жараны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында баңгизат сатуу үчүн Воронеж облусуна келишкен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр жашаган батирден жалпысынан 2,5 килограммдан ашуун героин табылган. Учурда кылмышка шектүүлөр СИЗОдо отурушат. Аталган факты боюнча “чоң өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз жасоо, сатуу жана жүгүртүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул беренеге ылайык, шектүүлөр 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.