"Учур" театры Таразда өткөн фестивалда "Меккеге карай узак жол” спектаклин коюп, 4 номинацияны жеңди

Тараз шаарында өткөн “Тунгышбай Аль-Тарази Таразга чакырат” аттуу I Эл аралык театр фестивалында Мамлекеттик “Учур” жаштар театры “Меккеге карай узак жол” спектаклин көрсөтүп, 4 номинацияны жеңди. Бул тууралуу 17-ноябрда SUPER.KG порталына театрдын директору Шаршен Шейшенов билдирди. 
Анын айтымында, сынакка Кыргызстандан башка Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан театрлар катышкан. Фестиваль тажрыйба алмашууга, бири-биринен жаңы нерселерди үйрөнүүгө, достошууга шарт түзгөнүн белгилеп: "Учур" жаштар театры С.Раевдин "Меккеге карай узак жол" спектакли менен барып, фестивалды ачып берди. 4 күнгө созулган иш-чаранын соңунда алдынкы 4 номинация боюнча жеңүүчү аталдык. Баш байге жалпы жамааттын жеңиши болуп, "Эң мыкты актёрдук ансамбль" наамын жеңди. Ал эми режиссёр Барзу Абдураззаков "Театр искусствосуна кошкон салымы үчүн" сыйлыгына арзыды. Мындан сырткары Динара Кыдырмаева "Аялдын образын эң мыкты жараткандыгы үчүн" жана Улан Зайнидин уулу "Эркектин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн" дипломдорго жана атайын статуэткаларга ээ болушту",- деди Шаршен Шейшенов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EdikoKG
2014-11-17 18:11:33
Азаматсынар! Ар дайым ийгилик коштосун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан