Бишкекте 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда бала багуучу менен 1 жаш 8 айлык баласын катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Анын кесепетинен ымыркай асфальтка башы менен тийген. Ал эми бала багуучунун буту сынган.