Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 17-ноябрь күнү Каракол шаарындагы Шлаков жана Жамбыл көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Мицубиси үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаадагы эки жүргүнчү жана айдоочу жабыркаган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.