“Тазалыктын” кызматкерлерин сабаган милиционерлерге кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Ленин райондук РИИБи тарабынан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айдоочусун жана таштанды жүктөөчүнү ур-токмокко алган милиция кызматкерлерине карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Айни-Муромская көчөлөрүнүн кесилишинен таштандыларды жыйнап жүргөн муниципалдык ишкананын 2 жумушчусун 5 милиция формасын кийген жаран сабап кеткен. Токмоктолгон айдоочу денесинен жаракат алып, ал эми таштанды жүктөөчүнүн кабыргасы сынып ооруканага түшкөн.  

Ал түнү таштандыларды жыйнап жүргөн "Тазалыктын" жумушчуларынын жанына мамлекеттик номуру жок Хонда Аккорд үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа келип токтогон. Анын ичинен милициянын формасын кийген жаран чыгып, таштандыны айдоочунун бутуна ыргытып жиберген, ага айдоочу өзүнүн сынын айткан. Милиция кызматкери ачууланып, аларды сөгүп, кетип калган. 10 мүнөттөн кийин ал дагы 4 милиция кызматкери менен келип, "Тазалыктын" 2 кызматкерин ур-токмокко алган.

“Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ур-токмокко алган милиция кызматкерлеринин өздүгүн тактоо боюнча бир катар иш-чаралар жүрүүдө”,- деп белгилешти Бишкек ШИИББинен.    

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mahabat.
2014-11-18 13:26:56
боорум ооруп кетти.байкуштар шаарыбызды жакшыртып,тазалап атса дагы уяты жоктор сабап кетишиптир.
+3
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-18 13:51:18
Таштандыны нормалдуу таштай албаган келесоолор укук коргоо органдарында иштеп жургону окунучтуу. Шериктерин ээрчитип келип келтектешпей эле чечишсе болмок. Бул адамдар ойноп журбой шаардын тазалыгына кам коруп, борборду тазалап журушот деп ойлошбогону жининди келтирет. Бешоону тен жумуштан айдап "Тазалыктын" бир кундук ишине иштетиш керек акмактарды...
+3
deva
2014-11-18 13:57:24
Адамдар не болуп баратат?! Кечирип коюнуз деп алып машинага эле ыргытып койсо не болот?
+2
admin_superstan
2014-11-18 14:14:17
OTYPBARATYPELEEE, саламатсызбы!
Кабарда ката жок. Эгер заттын саны так айтылса, жекелик санда жазылат.
-1
arena2014
2014-11-18 14:33:22
ХХХ деген атка татыктуулар экен да
+2
admin_superstan
2014-11-18 15:03:25
arena2014, мазактоодон алыс болуңуз! Оозеки эскертүү!
0
Nurtilek001
2014-11-18 14:57:09
ушундай абийирсиз адамдык сапатка татыктуу эмес адамдар укук коргоо органдары болуп иштегени окундурот мындай ХХХ жумуштан айдап буларды да тазалыкка иштетиш керек(жаза катары) жумуш кандай экенин корушсун
+2
admin_superstan
2014-11-18 15:04:10
Nurtilek001, кемсинтүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү. Оозеки эскертүү!
+1
Bella-life
2014-11-18 15:13:10
Супер Инфо Политехтин астында дагы алма сатып жаткан аялды милиция кызматкери кубалап баарын тогуп чачып салды дейт ошол жонундо жазып койгулачы
+1
admin_superstan
2014-11-18 16:38:22
Bella-life, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
nurkasym-2014
2014-11-18 16:12:04
Биздин милиция кызматкерлерибиз коомго тартип алып келгендин ордуна минтип жарандарды кемсинтип,сабап керек болсо тоноп деле койюп жатышпайбы.Бул билингени а билинбегени канча.Негизи биздин милиция таза эмес деп ачык айтса туура эле болот.
+1
Ariet7
2014-11-18 21:43:55
биздин мен*тер сабамак тургай олтуруп коюшуп деле иштеп журушот го уяты жоктор карга карганын козун чукубайт деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан