"Ички иштер министри Шамил Атаханов отставкага кетти" деп билдирди ЖКнын 31-январдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов. “Кимдир бирөө ага иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатат. Эгер ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган болсо, демек, министрликте мыйзамга каршы келген иштер жүргүзүлүп жатат. Мафиялык топтор түзүлүп, министрдин иштешине тоскоол болуп жатышат”,- деди депутат. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков министрдин жумуштан кеткендиги тууралуу маалыматка ээ эмес экендигин айтты.