Башкы прокуратура 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаровго карата кылмыш иши козголбогонун маалымдады. Башкы прокуратура учурда "Элдик Кайрат" коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн "2010-жылы 7-апрель окуясы учурунда Ак үйдүн сейфинен алынган 16 миллион сомду Азимбек Бекназаров өз кызыкчылыгына пайдаланды" деген билдирүүсүнүн чоо-жайын иликтөөдө. Айта кетсек, 29-январда аталган бирикменин өкүлдөрү Бекназаров аталган 16 миллион сомдун 10 миллионун жакындарына таркатып жибергендигин айтып чыгышкан.