Жазаларды аткаруу кызматынын изделип жаткан кызматкеринин жансыз денеси ГЭС-5 көлмөсүнөн табылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда бул боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Маркумдун денесин кароо учурунда эч кандай жаракаттар байкалган эмес.
Айта кетсек, 1964-жылы туулган Мутевали Ибраимов 23-октябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан.