19-ноябрда кээ бир райондордо жаан, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -6°C
Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -13°C
Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C