Оперкызматкерди атып өлтүргөн кылмышкер 2 айга камакка алынды

Милициянын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиевди атып өлтүргөн качкын кылмышкер Александр Сояпинди Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына аталган соттун канцеляриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, А.Сояпин 2015-жылдын 17-январына №1-СИЗОдо камакта болот.

Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Timur02
2014-11-18 17:09:36
тушумбу же онумбу
0
Dasmond
2014-11-18 17:27:05
Timur02,
Тyшун
+1
emin
2014-11-18 17:19:51
2ай аябай коп эмеспи?Эки кунго камасанар болмок.
+1
Dadin2
2014-11-18 17:38:14
2 айга камака алынганын себеби томонкучо: 2 ай иликтоо(следствие)буткучокту СИЗОго камака алынды.Куноолорун далилденип анан жазасын алат,эгер акча берип эле качып кетпесе.
0
gulmi
2014-11-18 17:39:38
Киши олтурчу туру жокко?тескеринче мойнуна илип койгон кунону "лып" дебей алчуу адамга окшош экен.
0
Dadin2
2014-11-18 18:04:35
gulmi, Туура эле баа бердин,болушу мумкун.Уруп-согуп моюнуна алдырып коюшу деле мумкун,тан калыштын кереги жок.
+1
aslan_akjol89
2014-11-19 08:14:08
Мен уктум,ал каза болгон опер детдомский экен.Мамлекеттен 2миллион 700 мин сом берилген жакындарына.Жакындары жок экен негизинен.Чонтоко урмай болуп кетиптир ошол сумма.(деп уктум)
0
Boginya
2014-11-20 00:09:22
aslan_akjol89, Билбей туруп айткан жана жала жапкан бул чон куноо, ал менин жакыным болчу. Уй булоосу бар, жакшы жашаган уй булоодон болчу. Аларга акчанын да кереги жок, ата энесине баласы керек болчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан