Ички иштер министрлиги Кадамжай районунда мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташ болгонун төгүндөдү

Кадамжай районунда мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташ болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, окуя ишембилик учурунда болгон. Анда жогорку класстагы эки окуучу уруша кеткен. Муну бир топ бала карап турган. Ал жерде эч кандай массалык уруш болгон эмес. Айта кетсек, буга чейин Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылындагы мектеп-гимназиянын окуучуларынын ортосунда массалык мушташ болгону айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Stervochka
2014-11-18 18:00:46
Ушул милиция кызматкерлерине ишенип отурасынарбы! Дайыма эле болот бут орто мектептерде. Менин балам окуган Оштогу мектепте ай сайын мушташ болот. Мугалимдердин суранычы менен милицияга билгизбей ата-энелер ортодо ыркырашып чечишет. Анан кайра эле кайталанат. Милиция деле кийлигишкен,бирок директор баары бир тынчытат. Айдалып кетем деп коркот.Милиция менен ГОРОНО баары жакшы деп жасакерленип сылап-сыйпап отура беришет.Мектептеги зомбулукка башка катуу чара колдонуш керек. Сунуш бергилечи.
0
nelli
2014-11-18 22:11:11
Ой еееоошки Кадамжайда жашап укпаптырмын бул жанылыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан