“Ош электр” ишканасынын башкы директору болуп Дыйканбай Даминов дайындалды. Бул тууралуу 31-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Аталган фонддун директорлор кеңеши тарабынан Даминовду аталган ишканага жетекчи кылуу чечими кабыл алынган. Эске сала кетсек, 28-январда аталган ишкананы буга чейин жетектеп келген Жолдубай Тилек уулу өз эрки менен кызматтан кеткен.