* Мындан 61 жыл мурун, 1953-жылы спорт ишмери
Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык катары белгилүү. Совет учурунда ага “СССР спортунун эмгек сиңирген устаты” наамы берилген.

* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы, Юрмалада өткөн «Жаңы толкун» сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2011-жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын ээси
Өмүрбек Жанышов Бишкек шаарында төрөлгөн. Алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган.

* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр
Леонид Гайдай 70 жашында оорудан улам каза болгон. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы В.И.Невзоров менен бирге "Узак жол" деген биринчи фильмин жараткан. Алгач каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштеп, Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары", "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 1971-жылы "12 отургуч" кызыктуу кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт", 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес", 1980-жылдары "Спортлото - 82" сыяктуу комедиялардын алтын фондуна кирген өлбөс кинотасмаларын жараткан.
* Мындан 190 жыл мурун, 1824-жылы Нева дарыясындагы жана башка каналдардагы суу көтөрүлүп, Санкт-Петербург шаарын каптаган. Анын кесепетинен көптөгөн үйлөр кыйрап, 600гө жакын адам чөгүп өлгөн.