Бүгүн, 31-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши уланууда. Сот ишинин жүрүшүндө жактоочу Канат Жайлоев депутаттарды темир тор артында эмес, трибунадан суракка алууну соттон суранып, сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Буга байланыштуу депутат Камчыбек Ташиев трибунадан сурак берди.