Бишкекте 54 жаштагы тургунду ур-токмокко алган жаран кармалды

Бишкек шаарында бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 54 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 17-ноябрь күнү Пушкин жана Зелёная көчөлөрүнүн кесилишинен кечки саат 19:40 чамасында 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз жаран аны себепсиз сабап кеткенин айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары шаардын 34 жаштагы С.Руслан аттуу жараны кармалды. Ага карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ariet7
2014-11-19 03:30:59
ий олгур десе атасындай кишиге кол которуп уятсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан