Борбордо Свердлов районунун баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан баңгизат алып жүргөн жаран кармалды.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдиргендей, баңгизатты алып жүргөн жаран Осмонкул-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен текшерүүгө токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын чөнтөгүнөн 7,3 граммдай гашиш табылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жарандын аты С.Эрбол, ал 18 жашта экендиги аныкталган. Учурда ага карата 246-берене (мыйзамсыз баңгизатты сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.