"Мен элимдин кызыкчылыгын үчүн Ак үйдүн тосмосун аштым" деди бүгүнкү, 31-январдагы сот ишинде депутат Камчыбек Ташиев. Депутат камакка алынгандан бери бир гана жолу суракка алынганын айтты. “Мени бир гана жолу суракка алышкан, ал дагы формалдуулук үчүн. Айыптоочулар мени Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө жүргөн деп жатышат, бирок буга далилдер жок. Мен ал жерде болгон эмесмин. Тергөөчүлөр бул тууралуу менден сурашкан да жок, ошондуктан мага коюлган күнөөлөрдүн баары калп”,- деди депутат.